[go: up one dir, main page]

Google Family Link

4,6
3,05 млн сын-пикир
100 млн+
жолу жүктөлүп алынды
Мазмун рейтинги
Баары
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү

Колдонмо тууралуу

Google Family Link — үй-бүлөңүздүн Интернеттеги коопсуздугун коргоого жардам берген ата-эненин көзөмөл колдонмосу. Family Link'тин колдонууга оңой куралдары балаңыздын түзмөгүндө убакытын кантип өткөрүп жатканын түшүнүүгө, түзмөгүнүн жайгашкан жерин көрүүгө, купуялык жөндөөлөрүн башкарууга жана башка нерселерди аткарууга мүмкүнчүлүк берет.


Family Link аркылуу төмөндөгүлөрдү аткара аласыз:

Негизги санариптик эрежелерди коюу
• Түзмөктү колдонуу убакытын чектеңиз — Балаңыз бир күндө түзмөктү канча убакыт колдоно тургандыгын чечип алыңыз. Family Link'тин жардамы менен балаңыздын түзмөгүнө жана колдонмолорго чектөөлөрдү коюңуз.
• Аны курагына ылайыктуу мазмунга багыттаңыз — Балаңыз жүктөп алгысы келген колдонмолорго уруксат бериңиз же бөгөттөңүз. Family Link ошондой эле балаңыздын YouTube'ду туура пайдалануусуна жардам берет: YouTube'дагы ата-эненин көзөмөлү же YouTube Kids.

Балаңыздын аккаунтун тескеп, коопсуздугун коргоо
• Анын купуялыгын коргоңуз — Family Link'те уруксаттарды башкаруу балаңыздын дайындарына байланыштуу туура чечим кабыл алышыңызга жардам берет. Chrome аркылуу мүмкүнчүлүк алынган вебсайттар жана кеңейтүүлөр, ошондой эле балаңыздын түзмөгүнө жүктөлүп алынган колдонмолор үчүн уруксаттарды көрүп, башкарыңыз.
• Анын аккаунтун коргоңуз — Family Link балаңыздын аккаунтун жана дайындарынын жөндөөлөрүн башкаруу мүмкүнчүлүгүн берет. Ата-эне катары балаңыз сырсөзүн унутуп калса, аны өзгөртүүгө жардам бере аласыз. Ошондой эле анын жеке маалыматын түзөтүп же зарыл болгондо, аккаунтун өчүрө аласыз.

Жолдо байланышта болуу
• Алардын кайда жүргөнүн көрүңүз — Үй-бүлөңүз жолдо жүргөндө алар менен байланышта болуу маанилүү. Балдарыңыз түзмөктөрүн жанында алып жүрсө, Family Link аркылуу алардын кайда жүргөнүн бир картадан көрө аласыз.
• Билдирмелерди жана эскертүүлөрдү алыңыз — Family Link маанилүү билдирмелерди жөнөтүп, балаңыз белгилүү бир жерге келгенде же кеткенде кабар берип турат. Ошондой эле түзмөктөргө чалып, түзмөктүн батарея кубатынынын калган мөөнөтүн көрө аласыз.


Маанилүү маалымат

• Family Link куралдары балаңыздын түзмөгүнө жараша ар кандай болушу мүмкүн. Шайкеш келген түзмөктөрдүн тизмесин https://families.google/familylink/device-compatibility/ дарегинен караңыз
• Family Link аркылуу Google Play'ден сатып же жүктөп алына турган нерселерди көзөмөлдөй аласыз. Бирок балаңыз сиздин уруксатыңызсыз аларды жаңыртып (кошумча уруксаттар талап кылынган учурда да), Үй-бүлөлүк китепканадагы буга чейин уруксат берилген колдонмолорду орното алат. Мындан тышкары, сатып алууга уруксаттар балаңыз Google Play'дин төлөм системасы аркылуу бир нерсе сатып алганда гана колдонулат. Ал эми башка төлөм системалары аркылуу сатылып алынган нерселерге колдонулбайт. Ата-энелер балдардын түзмөктөрүнө орнотулган колдонмолорду жана Family Link'теги колдонмо уруксаттарын такай текшерип турушу керек.
• Балаңыздын түзмөгүндөгү колдонмолорду кылдаттык менен текшерип, орунсуздарын өчүрүп коюңуз. Баса, Play, Google, ж.б. сыяктуу алдын-ала орнотулган колдонмолорду өчүрө албайсыз.
• Балаңыздын кайда жүргөнүн көрүү үчүн анын түзмөгү күйгүзүлгөн, жакында колдонулган жана Интернетке дайындар же wifi аркылуу туташкан абалда болушу керек.
• Family Link кызматындагы ата-эненин көзөмөлү көзөмөлдөнгөн Google аккаунттары үчүн гана жеткиликтүү. Көзөмөлдөнгөн Google аккаунттары менен балдар Издөө, Chrome жана Gmail сыяктуу Google кызматтарына кире алышат. Ал эми ата-энелер аларды көзөмөлдөө үчүн негизги санариптик эрежелерди орното алышат.
• Family Link балаңыздын Интернетти колдонуусун башкарып, анын онлайн коопсуздугун камсыз кылууга куралдарды бергени менен, Интернетти коопсуз кылбайт. Family Link Интернеттеги мазмунду аныктай албайт. Бирок ал ата-энеге баласы түзмөгүндө убакытын кантип коротуп жатканын билип турууга жана үй-бүлөсү үчүн онлайн коопсуздуктун ылайыктуу жолун аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Качан жаңырды
2024-ж., 22-апр.

Маалыматтардын коопсуздугу

Коопсуздук дегенде колдонмонун маалыматты кантип топтоп, аны үчүнчү тараптар менен кантип бөлүшө турганын түшүнүү керек. Маалыматтардын купуялыгы жана коопсуздугу колдонмоңуздун иштетилишине, жүргөн аймагыңызга жана курагыңызга жараша болот. Маалыматты иштеп чыгуучу берип, маал-маалы менен жаңырып турат.
Үчүнчү тараптар менен маалымат бөлүшүлбөйт
Иштеп чыгуучулар маалыматтардын бөлүшүлүшү жөнүндө кантип кабар берерин билип алыңыз
Бул колдонмо маалыматтардын мындай түрлөрүн топтошу мүмкүн
Жеке маалымат, Каржы маалыматы жана дагы 7
Маалымат шифрленип өткөрүлөт
Ал маалыматты өчүрүүнү сурана аласыз
Коопсуздукту өз алдынча текшерүү

Баалар жана сын-пикирлер

4,6
3 млн сын-пикир
Jomart Diushembekov (DJ)
2021-ж., 15-январь
The best
8 адам бул сын-пикирди пайдалуу деп белгиледи
Бул мазмундун пайдасы тийдиби?

Эмне жаңылык

Иштин туруктуулугу жакшырып, мүчүлүштүктөр оңдолду.